Нарын облусундагы Жумгал районунда каргалар массалык түрдө өлүп жатат. Бул тууралуу окуянын күбөсү видего тартып алып, редакцияга жиберди. Маалыматка ылайык, окуя 8-июнда тартылган.
«Кечээ жакында Жумгал районуна барып келдим эле. Бул видеодо каргаларды өлүп жатканын көрсөңүздөр болот. Үйгө кирип кайра чыкканча бактын түптөрүндө 20дай карга өлүп жатыптыр. Атайлап бирөө өлтүргөнбү десем, эч кандай издери жок. Эмнеден болушу мүмкүн? 1, 2 сааттын ичинде жөндөн-жөн ушунча карга өлгөнүн биринчи көрүшүм. Өлүмүнүн себебин азыркыга чейин таппай жатам…»,-деп билдирди күбө.
Буга чейин, 1-июнда Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы “ЭРН-Строй” ЖЧКнун жүк ташуучу унаасы көпүрөдөн кулаган. Ал жерде уран калдыктары дарыяга түшүп жатат деген маалыматтар айтылган.
" data-instgrm-version="14" style=" background:#FFF; border:0; border-radius:3px; box-shadow:0 0 1px 0 rgba(0,0,0,0.5),0 1px 10px 0 rgba(0,0,0,0.15); margin: 1px; max-width:540px; min-width:326px; padding:0; width:99.375%; width:-webkit-calc(100% - 2px); width:calc(100% - 2px);">