Жумуш издеген мугалимдер үчүн улуттук mugalim.vacant порталы ачылат

Кыргызстанда жумуш издеген мугалимдер үчүн улуттук mugalim.vacant порталы ачылат. Бул тууралу билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева «Биринчи радионун» 25-декабрдагы эфиринде билдирди.

Министр өз сөзүндө мыкты мугалимдерди тандоо мезгили келип жеткендигин баса белгиледи.

«Мугалимдерди тандоо системасында өзгөрүүлөр башталат. Мисалган, жумуш иштеген агартуучулар үчүн портал ачылат. Кайсы жерде мугалимдин орду бошосо электрондук порталга киргизилет. Жумуш иштеген мугалим порталдан маалымат таба алат. Ошондой эле директорлор корпусунун да резервдик порталы түзүлөт. Себеби, биз мектепти башкаруучу жаңы муундагы менеджерлерди, заман талабына шайкеш келгендерди тарбиялашыбыз керек», — деди министр.

25 Декабрь 2023 жыл 13:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча