Журналист Болот Темировдун баласын тартып алышабы?

«Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темиров жана аталган долбоорлордун директору Махабат Тажыбек кызы экөөнүн баласын камкорчу катары өзүнө же чоң апасына берсе болмок»,- деп Фейсбук баракчасында билдирди.

“Сот баланы камкорчу катары мага же учурда бирге жашап жаткан чоң апасына берсе болмок. Бирок сот баланы социалдык коргоо кызматына берүүнү чечти. Шаардык соттун чечимине чейин баланы чоң апасынан тартып алышпайт… бирок коркунуч жок деп айтууга болбойт» деди Болот Темиров.

“Бала укугу боюнча юристтер менен кеңешип көрдүм. Коркунуч бар экен. Эгер шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырса, анда социалдык камсыздоо кызматы баланы кимге калтырууну чечет. Балдар үйлөрү азыр жок, бирок фостердик үй-бүлөгө берип салышы мүмкүн. Чынында, соттун бул чечими менен балабызды тартып алганы жатышат”,- деди Темиров.

10 Октябрь 2024 жыл 18:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча