Журналисттердин Этикалык кеңеши түзүлдү. Ал эмне кызмат аткарат?

Кыргыз Республикасынын «Журналисттер союзу» коомдук бирикмесинин алдында журналисттердин Этикалык кеңеши түзүлдү.

Аталган кеңеш медиа чөйрөсүндө кесиптик жоопкерчиликти жана журналистиканын сапатын жогорулатууга, коомдук ишенимди арттырууга кызмат кылат.

Анын негизги функциялары:

  • Коомчулуктун же медиа өкүлдөрүнүн кайрылууларынын негизинде журналисттик этиканын сакталышын камсыздоо;
  • Медиа чөйрөсүндөгү талаштуу учурларды чечүүдө көз карандысыз жана адилеттүү чечимдерди кабыл алуу;
  • Журналисттер үчүн этикалык принциптер боюнча тренингдерди, семинарларды жана дискуссияларды уюштуруу;
  • Массалык маалымат каражаттарында жарыяланган материалдардын этикалык ченемдерге шайкештигин байкоо.

Ал эми «Этикалык кеңештин» курамына:

  1. Бакыт Орунбеков — Журналисттер союзунун Этикалык Кеңешинин төрагасы, Кыргыз-Түрк Манас университетинин доценти;
  2. Кубан Таабалдиев — Эл аралык Ала-Тоо университетинин профессору;
  3. Нарын Айып — 7-каналдын шеф-редактору;
  4. Кубат Чекиров — “Кут билим” медиа борборунун директору;
  5. Гүлзада Станалиева — Кыргыз-Түрк Манас университетинин доценти;
  6. Нурдин Дүйшенбеков — Журналистер коомдук бирикмесинин төрагасы;
  7. Мырзакат Тыналиев — Кыргыз Туусу гезитинин мурунку рекдактору;
  8. Аскар Насирдинов — Адвокат, юрист;
  9. Майраш Базлакунова — “Базлакунова медиа” продакшн жетекчиси, эркин журналист;
  10. Аскер Сакыбаева — «GOVORI.TV» мультимедиалык маалымат агенттигинин башкы редактору;
  11. Тургунбай Алдакулов — ОШМУнун коомчулук менен байланыш борборунун редактору кирди.
26 Декабрь 2024 жыл 13:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча