Журналист Ильич Кулназаровго кол салуу болду. Бул тууралуу алгач журналист өзү айтып чыкты. Айтымында 27-октябрь күнү ЦУМ соода борборунун жанында кетип бара жатса, белгисиз адамдар ур-токмокко алган. Милицияга арыз менен кайрылган.
Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБгы төмөндөгүдөй маалымат берди.
«Аталган окуя Свердлов РИИБ МЭЖге катталып териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Соттук медициналык экспертизалар дайындалып, жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет»,-деп айтылат маалыматта.