Зулушевдин ордуна ким келет? Президенттин администрациясы үн катты

Башкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, башкы көзөмөл органдын жетекчисинин отставкасын эми Жогорку Кеңеш карашы керек.

«Башкы прокурорлукка талапкерди өлкө башчы аталган системанын кызматкерлеринин арасынан караштырууда», — деди Алагөзов.

3 Июнь 2024 жыл 12:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча