Дүкөндө сатуучу аялды мыкаачылык менен сабап салган шектүү кармалды (видео)

Бишкектин 6-кичи районунда дүкөндүн сатуучусун мыкаачылык менен сабап салган шектүү кармалды.

Окуя 24-апрель күнү саат 20:00дөр чамасында болгон. Дүкөнгө бир адам кирип келип, сатуучу аялга кол салып, сабап салган. Жабырлануучу милицияга кайрылган.

Ал киши кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү кол салуу учурунда мас болгон. Аял ооруканага жаткырылды.

25 Апрель 2024 жыл 9:21

Тема боюнча