Ислам өнүктүрүү банкы ипотекалык турак жай үчүн 79 млн доллар бөлөт

Ислам өнүктүрүү банкы «Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо» долбоорунун алкагында Кыргызстанга 79 млн доллар бөлөт.

Документке кол коюу аземи Сауд Аравиянын борбору Эр-Риядда министрлер кабинетинин башчысынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен ИӨБ президенти Мохаммед Сулайман Аль-Жасирдин жолугушуусунда өттү.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин башчысынын орун басары бул долбоорду ишке ашыруунун аркасында миңдеген муктаж үй-бүлөлөр ипотекалык кредиттөө системасы аркылуу социалдык турак жайга ээ болоорун белгиледи.

«Калкты арзан турак-жай менен камсыздоо мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыты болуп саналат жана мамлекет башчынын көзөмөлүндө», — деди ал.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Белгиленгендей, бүгүнкү күндө банк тарабынан жалпы суммасы 500 миллион доллардан ашык 27 долбоор ишке ашырылып, учурда 200 млн долларга бааланган долбоорлор ишке ашыруу стадиясында турат.

28 Апрель 2024 жыл 13:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча