Саламаттык сактоо министрлиги 78 жеке клиниканын ишин убактылуу токтотту

Саламаттыкты сактоо министрлиги 2025-жылдын акыркы эки айында Бишкек жана Ош шаарларындагы жеке медициналык уюмдарды кеңири масштабда текшерүү иштерин жүргүздү.

Жалпы жонунан 117ден ашуун жеке медициналык уюм текшерүүгө алынып, алардын ичинен 37си (31,6%) лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталды. Калган 80 уюмдун (68,4%) лицензиясы болгону менен көбүндө лицензиялык талаптардын бузулушу катталган.

Аныкталган бардык мыйзам бузуулар боюнча административдик чаралар колдонулду. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 4,5 миллион сомдон ашты. Мындан тышкары, 78 медициналык уюмдун иши убактылуу токтотулду.

24 Июль 2025 жыл 16:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча