Сокулук районунун тургундарынын видео кайрылуусу боюнча министрлик үн катты

Социалдык тармактарга жарыяланган Сокулук районунун тургундарынын видео кайрылуусу боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет:

Бишкек-Кара-Балта автожолун (узундугу 52,5 км) реконструкциялоо иштери 2022-жылы аяктап, ал эми 2024-жылы деффекттик мөөнөтү жыйынтыкталган.

Долбоордо асфальт басуудан тышкары жол белгилер, жарыктандыруу, унаа токтотуучу жайлар, автобустук аялдамалар, парапеттер жана тротуарлар сыңдуу курулуштар каралган. Мындан тышкары, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында 7 жер алдынан өтүүчү өтмөк капиталдык оңдоодон өтүп, долбоорго ылайык, 6 жаңы өтмөк салынган.

Ал эми видеодо айтылган мектептин тушуна жол чырак жана тиешелүү жол белгилери орнотулганын билдиребиз. Жарандардын кайрылуусун карап, маселени кылдат иликтөө максатында тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү кирген атайын комиссия маселени жеринен иликтеп, мониторинг жүргүзүлгөн соң тиешелүү чечимдер кабыл алынат. Анын жыйынтыгы коомчулукка маалымдалат.

4 Декабрь 2025 жыл 18:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча