10-октябрда Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу Ала-Тоо аянтынын аймагындагы айрым көчө тилкелеринде жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Чектөөлөр төмөнкү көчө кесилиштеринде күчүндө болот:
Чүй проспектиси жана Эркиндик бульвары;
Чүй проспектиси жана Панфилов көчөсү;
Панфилов жана Пушкин көчөлөрү;
Панфилов жана Абдумомунов көчөлөрү;
Фрунзе жана Орозбеков көчөлөрү;
Фрунзе жана Раззаков көчөлөрү;
Эркиндик бульвары жана Абдумомунов көчөсү.
Мийзамдуу кайгуул кайтаруу кызматы айдоочулардан каттамдарын алдын ала пландаштырып, айланып өтүүчү альтернативдүү жолдорду колдонууну суранат.