25-июнда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күңдүз 32…37
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28
Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 30…32° ысык болот.