Ала-Арча суу сактагычында мыйзамсыз балык уулагандар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы кайгуулчулар менен бирге Ала-Арча суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өткөрүштү.
Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоо фактылары аныкталып, 6 протокол түзүлдү.
Мындан тышкары, суу сактагычта эс алган жарандарга жана балыкчыларга айлана-чөйрөнү таза сактоо, таштандыларды белгиленген жерлерге таштоо жана экологияга аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле суу сактагычтын аймагы тазаланды.
