Бүгүндөн тарта Бишкектин бир бөлүгүндө үч күн газ болбойт. Себеби

«Бишкекгаз» кызматы орто басымдагы жер алдындагы газ түтүктөрүн кайра туташтыруу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 21-сентябрдан 23-сентябрга чейин төмөнкү көчөлөр чектелген аймактарда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулаарын билдирди.

Маалыматка ылайык, газ берүү Токомбаев, Малдыбаев, Ахунбаев, Ажыбек Баатыр, Тыналиев, Масалиев, Садырбаев, Манас Айылы көчөлөрү, Чыңгыз Айтматов проспектиси, ошондой эле «Арча-Бешик», «Кыргызстан-1», «Ынтымак» конуштарында убактылуу токтотулат.

«Бишкекгаз» кызматы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарына өтүүгө чакырат. Иштер газ менен коопсуз жана ишенимдүү камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

21 Сентябрь 2026 жыл 9:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча