Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министлиги үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган «Бала ырысы» мамлекеттик программасын ишке ашырууну улантууда.
Программа башталгандан бери «Бала ырысы» жөлөкпулун алгандардын саны туруктуу өсүш динамикасын көрсөтүүдө.
2026-жылдын июль айында жөлөкпул 191 миң 796 алуучуга каралган болсо, сентябрда — 232 миң 529, ал эми октябрда алуучулардын саны 252 миң 699га чейин көбөйдү.
Ошентип, июль айына салыштырмалуу алуучулардын саны 60 миң 903 адамга же 31,8 пайызга өстү. Сентябрь айына гана салыштырмалуу өсүш 20 миң 170 алуучуну же 8,7 пайызды түздү.
Буга жараша каржылоонун көлөмү да көбөйүүдө. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында жөлөкпул төлөөгө 285 миллион 588 миң 480 сом каралган болсо, октябрь айында 310 миллион 535 миң 520 сом которулду.
«Бала ырысы» программасы 2026-жылдын 1-июлунан тарта санариптик форматта «Түндүк» системасы жана министрликтин аймактык түзүмдөрү аркылуу ишке ашырылууда. Жөлөкпул балдарга туулгандан тартып 36 айга чейин белгиленип, түздөн-түз алуучулардын банктык эсептерине которулат.