Бүгүн, 21-сентябрда Бишкек шаарында Кытай элинин эң маанилүү салттуу майрамдарынын бири — Күз ортосу майрамына арналган «Бир айдын алдында» аттуу маданий иш-чара болуп өттү.
Иш-чараны Бишкектеги Кытай маданий борбору, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети жана Кытай Эл Республикасынын Чунцин шаарынын Маданият жана туризмди өнүктүрүү боюнча комитети биргеликте уюштурду.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү, билим берүү жана маданият тармагынын өкүлдөрү, окутуучулар, студенттер жана ардактуу коноктор катышты.
Иш-чаранын катышуучуларына К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Лира Суйлайманова, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кеңешчи-элчиси Ю Чжиган, ошондой эле Чунцин шаарынын Маданият жана туризмди өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ло Сяочунь куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Программанын негизги бөлүгү Кытайдын түштүк-батышындагы алдыңкы кесипкөй чыгармачыл жамааттардын бири — Чунцин опера театрынын артисттеринин аткаруусундагы «Бир айдын алдында» аттуу концерт болду. Көрүүчүлөргө кытай жана кыргыз элдик ырлары, классикалык опералык чыгармалар, салттуу кытай музыкасы жана аспаптык чыгармалар тартууланды.
Мындан тышкары, коноктор Кытайдын материалдык эмес маданий мурастары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Интерактивдүү программанын алкагында салттуу кытай медицинасы, чай аземи, кагаздан оймо-чиймелерди кесүү өнөрү жана майрамдык чырактарды жасоо салты көрсөтүлдү.
Иш-чаранын дагы бир маанилүү бөлүгү — «Nihao! Chongqing» аттуу сүрөт көргөзмөсү болду. Көргөзмө аркылуу келген коноктор Чунцин шаарынын тарыхый-маданий мурасы, заманбап жашоосу жана туристтик кооз жерлери менен таанышты.
Күз ортосу майрамы кытай элинин маданиятында үй-бүлөнүн биримдигин, ыраазычылыкты жана ынтымакка умтулууну символдойт. Майрамдын башкы белгиси болгон толгон ай жакындардын биримдигин, тынчтыкка жана бакубат жашоого болгон тилекти туюндурат. Бул күнү Кытайда үй-бүлө мүчөлөрү чогулуп, толгон айга суктанып, салттуу «ай токочторун» дасторконго коюу салты бар.
Бишкекте өткөн иш-чаранын «Бир айдын алдында» деп аталышы да өзгөчө символикалык мааниге ээ. Баарыбызга орток бир ай — аралыкка жана чек араларга карабастан, Кыргызстан менен Кытайдын элдерин жакындаткан достуктун, өз ара урматтоонун жана түшүнүшүүнүн символу катары көрүндү.
Бул маданий иш-чара Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, эки өлкөнүн маданият жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле кыргызстандыктарды Кытайдын бай маданий мурасы менен жакындан тааныштырууга багытталган дагы бир маанилүү кадам болду.



