Жол кырсыгы 27-сентябрда түнкү саат 0:30 чамасында Тоголок Молдо жана Фере көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.
ИИМдин кайгуул кайтаруу кызматы башкармалыгынын алдын ала маалыматы боюнча, 1990-жылы туулган айдоочу Mazda 323 автоунаасы менен Тоголок Молдо көчөсү аркылуу түндүктү көздөй бара жатып, № 273а үйүнүн жанынан өзү менен бир багытта бараткан электр велосипедин сүзүп кеткен.
Электр велосипединин 2008-жылы туулган жүргүнчүсү алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза тапкан. Ал эми 2009-жылы туулган айдоочусу ар кандай жаракаттар менен № 4 Шардык клиникалык ооруканага жеткирилген.
Mazda автоунаасынын айдоочусу кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал мас абалында болгон болушу мүмкүн. Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 5-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын чоо-жайы аныкталууда.