Жарандар каалаган шайлоо тилкесинен добуш бере алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Ал белгилегендей, аралыктан добуш берүү аркылуу жарандардын шайлоо укугуна шарттар түзүлүүдө.
“Шайлоочулар шайлоо күнү каалаган шайлоо тилкесине келип, каалаган талапкерге добуш бере алат. Мисалы, шайлоо күнү биздин шайлоочубуздун катталган жери Баткенде болсо, кандайдыр бир себептер менен Бишкекте, Америкада же Европада болуп калышы мүмкүн. Ошол жердеги шайлоо тилкесине барып, добуш берип койсун. Биз ошону эле суранып жатабыз. Мамлекет, Жогорку Кеңеш тарабынан максималдуу түрдө шайлоого карата шарттар түзүлүп жатат”, — деди БШК төрагасы.