Депутат мектеп окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты тууралуу маселени көтөрдү

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Кыргызстандагы мектеп окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты тууралуу маселени көтөрдү.

Анын айтымында, мектептерде эмне үчүн окуу китептери жетишпей жатканы тууралуу суроого коомчулук ушул күнгө чейин айкын жооп ала элек. Мындан сырткары, ата-энелер жаңы китептердин сапатына — атап айтканда, сыянын катуу жытына жана китептердин ашыкча салмагына арызданышууда.

Талиева Агартуу министрлигинин алдында окуу китептеринин сапатына жооптуу «Окуу китеби» басмасы иштеп жатканын билдирди. Анын айтымында, бул уюмда кадр маселеси бар жана мүмкүн болгон коррупциялык схемалар орун алууда.

«Мен эки жарым жылдан бери кадрдык көйгөйлөрдү, коррупциялык схемаларды байкап келем. Тиешелүү органдарга протоколдук тапшырма берип, бул уюмдун ишмердүүлүгүн текшерүүнү суранам», — деди депутат.

Ошондой эле ал басмакананын ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев текшерүү жүргүзүү зарылдыгына макул болуп, тиешелүү комиссия парламенттин комитети тарабынан түзүлөрүн кабарлады.

24 Сентябрь 2026 жыл 12:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча