Каракол капчыгайына унаа менен кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Себеби

1-22-июль күндөрү жаап өткөн нөшөрлүү жаандан улам Каракол суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Бул тууралуу ӨКМдин облустук башкармалыгынан билдиришти.

Мындан улам Ак-Суу районунун Каракол капчыгайына, «Каракол» мамлекеттик паркынын буйругунун негизинде унаа менен барууга убактылуу чектөө киргизилди.

«Мындан улам жарандарды, туристтерди аталган аймакка барбай турууга чакырабыз. Жеринде Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда. Ал эми суунун жээгин бекемдөө иши суунун көлөмү азайганда башталат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ӨКМге караштуу Кыргызгидромет 21-25-июль күндөрү нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлө тургандыгы тууралуу шашылыш билдирүү тараткан.

22 Июль 2026 жыл 15:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча