Wildberries компаниясынын дагы эки логистикалык борборуна дрондор менен чабуул жасалды

Россияда Wildberries компаниясынын Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы логистикалык борборлору 22-июлга караган түнү пилотсуз учуучу аппараттардын чабуулуна кабылды. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Татьяна Ким билдиргенин РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, Краснодар шаарындагы кампага дрондун сыныктары түшүп, өрт чыккан. Анын кесепетинен үч адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Ошондой эле дрондун бөлүктөрү көп кабаттуу эки тамга жана эки жеке турак жайга түшкөн. Каза болгондор жок.

Мындан тышкары, Ставрополь аймагындагы Невинномысск шаарынын четиндеги дагы бир кампа дрондордун чабуулунан кийин өрттөнгөн. Медициналык жардам алуу үчүн беш адам кайрылган. Чабуулу учурунда эки логистикалык борбордон тең адамдар эвакуацияланган.

Кыргызстандын элчилиги жабыркагандардын арасында өлкө жарандары бар-жогун тактап жатат.

Эске салсак, 18-июлад украинанын армиясы Россиянын эки аймагында жайгашкан Wildberries маркетплейсинин кампаларына чабуул жасаган. Баш-аягы Электросталь менен Котовскиде сегиз кадам каза таап, 70 чукул кызматкер жаракат алган. Алардын арасынан жарадар болгон эки кыргызстандык ооруканага түшкөн.

22 Июль 2026 жыл 14:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча