Казакстандан ташылып келген 2000 даана гүл артка кайтарылды. Себеби

Казакстандан ташылып келген 2000 даана гүл артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, гүлдөр Таластагы Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасына жакын жайгашкан «Чоң-Капка» фитосанитардык постунда текшерүүгө алынган. Натыйжада жүктүн фитосанитардык сертификатында көрсөтүлгөн маалыматтар, транспорттук коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбестиги аныкталган.

2 Июнь 2026 жыл 12:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча