Кыргызстанда өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин достук армияларынын аскер кызматчылары арасындагы XVII спартакиаданын алкагында штаттык куралдан ок атуу боюнча чемпионат жыйынтыкталды.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн командасы тактык жана кесиптик даярдыгын көрсөтүп, жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээледи.
Экинчи орунду Казакстан, үчүнчү орунду Россия, төртүнчү орунду Өзбекстан, бешинчи орунду Беларусь командалары алды.
Чемпионатта катышуучулар АК-74 автоматынан жана Макаров тапанчасынан ок атуу боюнча жеке жана командалык мелдештерде күч сынашты.
Белгиленгендей, мындай мелдештер аскер кызматчыларынын даярдыгын жогорулатууга, тажрыйба алмашууга жана КМШ өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы достук байланыштарды бекемдөөгө багытталган.
