Кыргызстанда ата мекендик жана орусиялык окумуштуулар менен биргеликте өрттү ыкчам өчүрүүгө багытталган жаңы система иштелип чыкты.
Долбоорду «МедВетСити+» компаниясы сунуштап, аны ишке ашырууга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүүдө.
Жаңы жабдуунун негизги өзгөчөлүгү — өрт чыккан учурда аны ыкчам жана кыска убакытта өчүрүүгө мүмкүндүк берет. Адистердин айтымында, система өрттүн жайылышын алдын алууга багытталган.
Жабдуулар толугу менен Кыргызстанда өндүрүлөт. Ошондой эле өрт өчүрүү учурунда адамдардын дем алуусуна мүмкүнчүлүк берип, көзгө терс таасир тийгизбеген технология колдонулат.
Бул ата мекендик өрт өчүрүүчү каражаттар үйлөрдө, унааларда жана өнөр жай ишканаларында колдонууга ылайыкталган.
Тактап айтканда, компаниянын кеңешчиси Даниел Ибраимовдун айтымында, продукциялардын арасында үйлөргө жана батирлерге колдонууга ылайыкталган чакан өрт өчүргүчтөр, ошондой эле өрт чыккан учурда автоматтык түрдө иштей турган түзүлүштөр бар.
Мындан тышкары, унааларда жана өндүрүш ишканаларында колдонулуучу өрт өчүрүүчү каражаттар чыгарылууда. Айрым продукциялар аэрозолдук технологиянын негизинде иштейт.
Ошондой эле медициналык жана тазалык талаптары жогору болгон жайларда колдонууга ылайыкталган каражаттар да каралган.
Даниел Ибраимовдун белгилешинче, продукциялардын курамындагы заттар адамдын ден соолугуна зыян келтирбейт.