Кыргызстандык Арваз Ахмади Читада өткөн эл аралык турнирдин мыкты боксчусу деп таанылды. Бул тууралуу «Даурия Евразия кубогунун» уюштуруучулары билдирди.
Кыргызстандын өкүлү Eurasian Dauria Cup 2026 бокс боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болгону белгиленет. 17-18 жаштагы спортчулар арасындагы мелдешке 19 өлкөнүн боксчулары катышты.
Арваз Ахмади 71 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Ал Орусия, Беларусь жана Өзбекстандан келген атаандаштарын жеңип, төрт ирет жеңишке жетишти.