Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту бир сутка ичинде төртүнчү ирет катталган жер титирөөнү каттады.
Ал кечээ саат 16:34тө болгон. Анын күчү 3 баллга жетти. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан аймагында: Орто-Сырт айылынан түштүк-чыгышка карай 5 чакырым, Кара-Булак айылынан түштүк-чыгышка карай 5 чакырым жана Нарын шаарынан түштүк-батышка карай 33 чакырым аралыкта жайгашкан.
Жер астындагы силкинүү Орто-Сырт жана Кара-Булак айылдарында болжол менен 3 баллга жеткен.
Эске салсак, буга чейин сейсмологдор 17-сентябрда да өлкө аймагында болгон үч жер титирөө тууралуу кабарлашкан.