Кышка даярсызбы? Бишкекте 26 жерде көмүр сатылып жатат

«Кыргызкөмүр» ААКнын башкы директору Рустамбек Садыралиев «Биринчи радиодон» Бишкекте канча көмүр сатуу чекити ачылганын айтып берди.

Анын айтымында, борбор калаада ал жетектеген компания менен кызматташкан 26 чекит иштеп жатат.

Ал ошондой эле жеке ишкерлердин кампаларындагы бааны «Кыргызкөмүр» көзөмөлдөбөй турганын белгиледи.

Бишкектеги ААК менен иштешкен кампаларда Кара-Кече көмүрүнүн 1 тоннасынын баасы артууну кошкондо 7 миң сом өлчөмүндө белгиленген. Каптарга таңгактоо өзүнчө төлөнөт, анткени ага каптын баасы жана кол эмгеги кирет.

«Кыргызкөмүр» ААКсы көмүр кендерин иштетүүгө 31ге чукул лицензияга ээ. Анын ичинен 10у көмүр казууга алынган.

Ишкана 190го жакын социалдык көмүр базалары менен келишим түзгөн.

Калкты көмүр менен камсыздоо өкмөттүн токтомуна ылайык жүргүзүлөт жана жергиликтүү бийлик органдарына жүктөлгөн, — деп белгиледи Рустамбек Садыралиев.

Анын айтымында, бир көмүр шахтасын иштетүү үчүн 20-30 миллион долларга жакын инвестиция талап кылынат. Компания колдо болгон бардык кендерди өз алдынча иштете албайт жана инвесторлорду тартууда.

«Кыргызкөмүр» ишканасыкөмүрдү жууп, тазалап, ылгап, андан кийин 5 жана 10 килограммдан каптарга таңгактоону пландаштырууда.
Кененирээк: https://24.kg/a/1028453

7 Октябрь 2026 жыл 9:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча