Ош облусунун Ноокат районунда тойдо тапанча менен жүргөн жарандар аныкталды. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 21 жана 22 жаштагы жигиттер тергөө бөлүмүнө жеткирилип, суракка алынган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган тапанча Макаров тапанчасына окшош, бирок таасири чектелген болушу мүмкүн дешет милициядан. Куралдар экспертизага жөнөтүлдү. Ал эми жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тапанчанын кайдан алынгандыгы боюнча текшерүү иштери улантылууда.