Бишкекке жаңы автобустарды сатып алууга 500 миллион сом бөлүнөбү?

Бишкекте коомдук транспорттун жетишсиздиги сакталууда. Эл көп каттаган маалда жүргүнчүлөр автобустарга батпай калып жаткандыктан, шаар кошумча транспорт сатып алууга муктаж. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында билдирди.

Депутат өзгөчө эртең менен жана кечинде жүргүнчүлөрдүн көптүгүнөн улам эл коомдук транспортко түшө албай, кыйын абал жаралып жатканына көңүл бурду. Ал Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевден жана Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевден кошумча автобустарды сатып алуу пландалып жатабы же жокпу деп сурады.

Шаар башчысынын айтымында, учурда борбор калаада 1 миң 631 автобус бар. Ошол эле учурда, анын баамында, шаарга кошумча 1,5 миңге жакын коомдук транспорт бирдиги керек.

Жунушалиев жергиликтүү бюджеттен автобустарды сатып алууга 500 миллион сом бөлүүгө мүмкүн болгонун маалымдады. Тиешелүү келишим компаниялардын бири менен буга чейин эле түзүлгөн.

«20-январга чейин 65 чакан автобус келет. Транспорт сатып алуу боюнча иштер улантылат», — деди мэр.

Ошондой эле жыйында кошумча коомдук транспорт Бишкекке гана эмес, Чүй облусунун райондоруна, анын ичинде Сокулук, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондоруна да зарыл экени белгиленди.

17 Ноябрь 2026 жыл 17:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча