Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев 14 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болушуна байланыштуу жоопкерчиликтен качпай турганын билдирди. Бул тууралуу министр Кыргызстандагы издөө-куткаруу иштеринин жүрүшү тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында депутаттарга отчет берип жатып айтты.
«Мен өзүмө жүктөлгөн жоопкерчиликтен качпайм. Адам өмүрү кыйылган жерде эч ким жоопкерчиликтен четте калбашы керек», — деди министрю
Ошондой эле окуядан кийин министрдин орун басары, Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун жана Куткаруучулар боюнча мамлекеттик борбордун жетекчилери кызматтан бошотулуп, дагы үч кызматкер кызматтык милдеттеринен убактылуу четтетилгенин айтты.
Мындан сырткары министр окуянын материалдары аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин жана күнөөсү аныкталган адамдар кызмат ордуна карабастан мыйзам чегинде жооп берерин белгиледи.