Төрага: «Тилекке каршы, биз ойлогондой татыктуу гимн жазылган эмес»

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч вариант тең начар экенин жана алар парламенттин жалпы жыйынына чыгарылбай эле четке кагылганын айтты.

Спикер Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин сунушталган үч ырды четке каккан чечими күчүндө калганын билдирди.

“Биз комитеттин мүчөлөрү менен бирге сунушталган гимндин текстин окуп, музыкасын уктук. Тилекке каршы, биз ойлогондой татыктуу гимн жазылган эмес. Андыктан муну комитеттин эле кароосунда артка кайтаруу чечимин кабыл алдык”, — деген төрага жаңы гимнди жазууга сынак уланарын кошумчалады.

28 Январь 2026 жыл 11:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча