Өзбекстанда жер силкинди

Бүгүн, 28-сентябрда саат ондор чамасында Өзбекстанда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 4 баллга жакындаган.

Зилзаланын очогу Өзбекстанда, Сүлүктү шаарынан 96 чакырым түндүк-чыгышта, Баткен шаарынан 127 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.

Кыргызстандын калк жашаган аймактарында жер титирөөнүн күчү сезилген жок.

28 Сентябрь 2026 жыл 11:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча