Президенттин иш башкармасы Каныбек Туманбаев жаңы автобекеттин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасы маалымдады.
Текшерүүнүн жүрүшүндө объекттин учурдагы даярдык деңгээли каралды. Бүгүнкү күндө негизги имараттагы курулуш иштери 93–95%га, аймакты жашылдандыруу иштери 96%га аткарылды. Параллелдүү түрдө аймакты көрктөндүрүү иштери активдүү жүрүүдө.
Жаңы автобекет 26 га аянтты ээлеген жерде жайгашкан. Имараттын жалпы аянты 30 миң чарчы метрди түзөт. Үч кабаттуу комплекс 7 блоктон, 2 эскалатордон, 4 бир орундуу жана 4 эки орундуу лифттен турат.
Жаңы автобекет пайдаланууга берүүгө даярдалууда.