Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында беш саатка жакын сурак берип чыкты.
Маалыматтарга караганда, Камчыбек Ташиевге тергөө сурагын купуя кармоо боюнча тил кат жазган. Ага ылайык, Ташиев имараттын алдына чогулган бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө эч кандай комментарий берген жок.
Белгилей кетсек, ИИМ буга чейин Камчыбек Ташиев кылмыш иши боюнча күбө катары суракка чакырылганын маалымдаган.