Кыргызстанда жакында балдарга арналган «Амантай жана Айтуяк» аталыштагы кыргызча мультфильм чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мультфильмде Амантай менен асмандан түшкөн Айтуяк экөөнүн кызыктуу окуялары баяндалат. Тасма 7 сериядан турат.
— режиссеру — Айбек Дайырбеков;
— сценарийдин автору — Токтобек Үсөнов;
— башкы сүрөтчү — Кебек уулу Нурлан;
— супервайзер — Канат Ногойбаев.
«Учурда анимациялык тасманын тартуу иштери уланууда. Башкы максат — кыргыз тилин өнүктүрүү болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мультфильм «Кыргызфильм» киностудиясы жана «Карек балдар киносунун фонду» менен биргеликте тартылууда.