Акжол Махмудов өзбекстандык балбанды жеңип Азия чемпионатынын финалына чыкты.
Ал грек-рим күрөшү боюнча Бишкектеги турнирде 77 кг салмакта Дониёрхон Накибовду 9:0 менен жеңип алды.
Белгилей кетсек, Махмудов буга чейин жапон балбаны Исами Хорикитаны 7:3 эсебинде жеңип, чейрек финалда Кахарман Киссыметовду 9:1 эсебинде уткан.