Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингинде 1-орунга чыкты

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун дүйнөлүк рейтингинде биринчи сапка көтөрүлдү.

Жаңыртылган рейтинг 6-12-апрель күндөрү Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын жыйынтыгы менен түзүлдү.

Медет кызы 76 кг чейинки салмак категориясында катышып, күмүш байгеге ээ болгон. Бул жыйынтык кыргызстандык спортчуга 53 000 упай топтоого жана рейтингде учурдагы чемпион, эквадордук Генесис Валдести озууга мүмкүндүк берди.

13 Апрель 2026 жыл 16:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча