Кыргызстандык дагы бир балбан Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан MUHAMET MALO рейтингдик турниринде коло жеңип алды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал 72 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан Раззак Бейшекеев.
Белгилей кетсек, турнирдин акыркы күнү 1-мартта Кыргызстандан 8 балбан беттешке чыккан.