Албаниядагы рейтингдик турнир:Үзүр Жусупбеков коло медалдын ээси болду 

Кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков 97 кг чейинки салмак категориясында Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан MUHAMET MALO рейтингдик турниринде коло жеңип алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирирди.

Белгилей кетсек, турнирдин акыркы күнү 1-мартта Кыргызстандан 8 балбан беттешке чыккан.

2 Март 2026 жыл 9:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча