Алтымышев : Акыркы учурларда көк бөрү тарткан жердеги ашыкча агрессия, бейбаштык жана маданиятсыздык коомчулуктун көңүлүн түшүрүүдө (Видео)

Мындан 10 күн мурун Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылындагы көк бөрү оюнунан чыккан чырдан 34 жаштагы киши жараат алып, эсине келбей каза болду. Ал эми кырсыктын чоо-жайы боюнча Ысык-Көл облустук милициясы маалымат берип, Тилекмат жана Саруу айылдарынын командаларынын ортосунда өткөн оюн маалында пикир келишпестиктен улам чыр-чатак чыгып, Саруу айылынын эки тургуну Тилекмат айылынын 1991-жылы туулган тургунун ур-токмокко алып, денесине зыян келтиргенин жыйынтыгында ал эсине келбей каза тапканын билдирди. Маалыматка караганда бул фактыны Жети-Өгүз райондук милициясы каттап, жыйынтыгында кырсыкка шектүү катары төрт киши кармалып, 13-октябрда райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынган. учурда тергөө амалдары уланып жатканы айтылды.
Ал эми Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылындагы көк бөрү оюнунан чыккан чырдан жана өлүм менен коштолгон кайгылуу окуядан кийин коомчулукта кайрадан улуттук көк бөрү оюнундагы коопсуздукка байланышкан талкуу кайра козголуп, көк бөрүдөгү коопсуздук эрежелерин күчөтүү талабы айтылып жатат. Анткени акыркы учурларда көк бөрү тарткан жедеги ашыкча агрессия, бейбаштык жана бири-бирине болгон маданиятсыздык мамилелер коомчулуктун көңүлүн түшүрүп жатат. Бул боюнча журналист Тынчтык Алтымышев оюн билдирип, көк бөрү ата-бабаларыбыздан калган улуттук салттуу оюндарбыздын бири экенин, андыктан көк бөрүнү маданияттуу тартуу, ынтымак менен өткөрүү жана баардык эрежелерди так сактоо боюнча чакырыктарды жасап, жакшы жагынан жайылтуу керек деп эсептейт.

20 Октябрь 2025 жыл 20:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча