Букмекерлер дүйнөнүн эң мыкты футболчусуна бериле турган 2026-жылдагы «Алтын топ» сыйлыгынын ээсине карата көрсөткүчтөрүн жаңылашты.
Аргентина курама командасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын 1/4 финалына чыккандан кийин, Лионель Месси бул сыйлыкка негизги 3 талапкердин катарына көтөрүлдү.
Англия курамасынын чабуулчусу Харри Кейн «Алтын топко» башкы талапкер бойдон калууда. Андан кийинки орунда Франциянын чабуулчусу Килиан Мбаппе келе жатат.
2026-жылдагы «Алтын топко» негизги талапкерлердин тизмеси:
Харри Кейн (Англия) — 3.50
Килиан Мбаппе (Франция) — 3.75
Лионель Месси (Аргентина) — 6.00
Майкл Олисе (Франция) — 7.00
Усман Дембеле (Франция) — 9.00
Ламин Ямаль (Испания) — 11.00
Эрлинг Холанд (Норвегия) — 13.00
Джуд Беллингем (Англия) — 21.00
Калгандары — 34.00дөн жогору.
Эске салсак, Лионель Месси — «Алтын топтун» сегиз жолку ээси. Бул абсолюттук рекорд болуп саналат. Анын эң жакын атаандашы — португалиялык Криштиану Роналдуда мындай сыйлыктан бешөө бар.