Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда. Бүгүн, 8-апрелде, мелдештин үчүнчү күнү кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер башталып, анда 50, 55, 59, 68 жана 76 кг чейинки салмакта медалдар ойнотулат.
Кыргызстандын курама командасынын атынан төмөнкү балбандар килемге чыгат:
Арууке Кадырбек кызы — 55 кг чейин;
Сезим Жуманазарова — 59 кг чейин;
Мээрим Жуманазарова — 68 кг чейин;
Айпери Медет кызы — 76 кг чейин,
50 кг чейинки салмакта Кыргызстандын өкүлү катышпайт.