Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Кайыркүл Шаршебаева Азия чемпионатында (U-23) алтын медаль утту.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мындан тышкары Таңчолпон Кыбалбекова (57 кг чейин) жана Гүлнура Таштанбекова (65 кг чейин) коло медалга ээ болушту.
Ошондой эле эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөлөрү Залкарбек Табалдиев (70 кг чейин) күмүш медаль, Баяман Керимбеков (57 кг чейин) жана Кутман Төлөбалдиевдер (97 кг чейин) коло медаль багындырышты.
Белгилей кетсек, ушул күндөрү Вьетнамдын Да Нанг шаарында спорттук күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионаты өтүүдө. Мелдештер 31-майга чейин уланат.