Вьетнамдын Да Нанг шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында (U-23) Нурболот Бердикулов грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалга ээ болду.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал 55кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, алгачкы беттеште өзбекстандык Хожиакбар Кучкаровго 1: 11 эсебинде утулуп калган. Андан кийин иорданиялык каршылашы Ахмад Махмудду 3:1 эсебинде утуп, жарым финалга жолдомо алган.
Жарым финалдык беттеште индиялык Нираж Пателди 3:1 ишенимдүү жеңип, финалдык беттеште өзбекстандык каршылашы Хожиакбар Кучкаровго 1-7 эсебинде утулуп, күмүш медалга ээ болду.
Эскерте кетсек Кыргызстандын грек- рим күрөшү боюнча U-23 курама командасы Азия чемпионатында командалык эсепте 3-орунду ээледи.