Жапонияда өтө турган Азия оюндарына бара турган Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча командасы белгилүү болду.
Грек-рим күрөшү боюнча мелдештерде 6 алтын медаль ойнотулат.
«UWW» уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусу Улукбек Карачолоков командага 6 спортчуну киргизди.
«Катышуучулардын курамы өзгөрүшү мүмкүн», — деп кабарлады «UWW».
Турнир 30-сентябрда башталат. Ага катышуучулар:
60 кг чейин — Жоламан Шаршенбеков
67 кг чейин — Раззак Бейшекеев
77 кг чейин — Акжол Махмудов
87 кг чейин — Асан Жанышов
97 кг чейин — Үзүр Жусупбеков
130 кг чейин — Нурболот Токтогонов.