Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча 60 кг, 72 кг, 97 кг чейинки салмак категорияларында балбандар килемге чыгат.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Кыргызстандын атынан 60 кг чейинки салмакта Акыл Сулайманов 1/16 финал баскычындагы алгачкы беттешин литвалык Юстас Петравичюс менен өткөрөт.
Ал эми 72 кг салмакта Амантур Исмаилов да 1/16 финалдан баштап, ирандык Сайед Даниял Сохраби менен таймашат.
97 кг салмакта Үзүр Жузупбеков 1/8 финалга чыгуу үчүн египеттик Мохамед Али Габр менен күч сынашат.
Таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.