Бишкекте грек-рим күрөшүнүн балбаны,Олимпиада оюндарынын катышуучусу кармалды

2026-жылдын 3-апрелинде болжол менен саат 16:15 чамасында Ж. Бөкөнбаев көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде кызмат өтөп жаткан Бишкек шаарынын ИИББнын Милициянын кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери «Li» үлгүсүндөгү унааны токтотуу үчүн айдоочуга эскертүү берилген.

Текшерүү учурунда аныкталгандай, айдоочу — 1990-жылы туулган М.Р., Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны, Азия чемпионаттарынын бир нече жолку байге ээси жана Олимпиада оюндарынын катышуучусу — агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүп, орой сөздөрдү колдонуп, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийген эмес.

Ал Республикалык психиатрия жана наркология борборуна медициналык кароого жөнөтүлүп, жыйынтыгында баңгизат колдонгондон улам мас абалында экени аныкталган.

Ошол эле күнү М.Р. Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126 (майда бейбаштык) беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кийинчерээк соттун чечими менен ал Бишкек шаарынын ИИББнын атайын кабыл алуу жайына 3 суткага камакка алынган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (сатуу максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында шектүүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, күрөң-жашыл түстөгү зат салынган ширеңке кутусу табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат баңгизат — гашиш экени аныкталган. Бул факт боюнча ал кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

6 Апрель 2026 жыл 10:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча