51-55 жаштагылар үчүн D дивизионунда 100 кг салмак категориясында күрөшкөн кыргызстандык балбан Чынарбек Изабеков дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Ардагерлер арасындагы спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Венгриянын Татабанья шаарында өтүп жатат.
Алгачкы таймашта ал Молдовалык Валериан Заболотныйды 9:3 эсебинде утуп, таймашты ийгиликтүү баштаган.
Андан соң чейрек финалда Италиялык Джузеппе Агнеллону таза жеңиш (10:0) менен утуп жарым финалга чыккан.
Жарым финалда Түркиялык Мукеррем Кыйыны 3:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган.
Ал эми чечүүчү беттеште АКШ балбаны Элвин Риггсти 6:2 эсебинде жеңип, алтын медалга ээ болуп, дүйнө чемпиону деген наамды дагы бир жолу утту.
Ошентип, Чынарбек Изабеков ардагерлер арасында дүйнө чемпиону наамын бешинчи жолу жеңип алды. Ал буга чейин 2015, 2016, 2021 жана 2022-жылдары да дүйнө чемпиону болгон.