Кыргызстандык балбан Өмүрбек Асан уулу күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээледи.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 23 жашка чейинки спортчулар (U23) арасындагы турнир Сербиянын Нови-Сад шаарында өтүп жатат.
Өмүрбек Асан уулу эркин күрөш боюнча 61 килограммга чейинки салмактагы категорияда күч сынашты.
Ал Кытай, Болгария, Албания жана Түркиянын спортчуларын катары менен жеңип, финалга чыккан.
Алтын медаль үчүн болгон чечүүчү беттеште анын атаандашы 19 жаштагы америкалык Джэксон Патрик Форрест болду. Ал буга чейин Хорватияда өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында Тайырбек Жумашбек уулун чейрек финалда уткан.
Күчтүү атаандаштыкта өткөн финалдык беттеште америкалык балбан жеңишке жетип, алтын медалды алды, ал эми кыргызстандык Өмүрбек Асан уулу күмүш медаль тагынды.