Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 112 өлкөдөн спортчулар катышууга арыз берди. Жалпысынан мелдешке 3 миңге жакын спортчу катышары күтүлүүдө.
«Учурда уюштуруу комитетине Австралия, Азербайжан, Армения, Аргентина, Бангладеш, Бахрейн, Грузия, Индия, Индонезия, Иран, Испания, Казакстан, Монголия, Польша, Россия, АКШ, Өзбекстан жана башка мамлекеттерден арыздар келип түштү», — деп айтылат маалыматта.
Оюндардын программасына 42 спорт түрү киргизилген. 31-августта спорттук делегациялар ачылыш аземиндеги парадга катышат.